Мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча

Новости
❗️❗️❗️Мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоодо инклюзивдүүлүктү жогорулатуу чаралары талкууланды.
❗️КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева шайлоого даярдык көрүү учурунда добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана атайын жардам каражаттары менен жабдылууга чоң көңүл бурулганын белгиледи.
❗️Эгерде 2017-жылы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бир бөлүгү гана пандустар менен жабдылган болсо, 2020-жылдын декабрында пандустар менен жабдылган шайлоо участкаларынын саны 83,4%га жетти, ал эми 2021-жылдын апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо – бүткүл өлкө боюнча 85,8%га жетти.
❗️185 участкада пандустарды орнотуу зарылчылыгы жок. Калган шайлоо участкаларында добуш берүү жайларга кирүүнү камсыздоо иштери уланууда.
Толук маалымат ⬇️https://shailoo.gov.kg/kg/news/5565/
Телеграм каналыбызга катталыңыз: https://t.me/Shailoo2020TsikKR

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *