Мамлекеттик тил куну майрамы!

Новости

«Таза Шайлоо» Ассоциациясы жалпы мекендештерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Бүгүн тарыхта өзгөчө орду бар күн  Мындан  так 31 жыл мурун Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Ошентип, 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган «Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышы кыргыз тилинин андан ары өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, кыргыз элинин улуттук аң-сезимин көтөрүүгө, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө салым кошту.

Кыргыз тили кыргыз-кыпчак кичи тобунун тили, башка аныктама боюнча түрк тилдеринин чыгыш хунн тармагы. 4 миллионго жакын адамдын 2,5 миллионго жакыны Кыргызстанда, калгандары Кытай, Монголия, Афганистан, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жашашат.

Кыргыз тилинде үч диалект бар: түндүк (азыркы адабий тилдин негизги базасы), түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *