«Таза Шайлоо» Ассоциациясы юридикалык бирикмесинин алгачкы билдирүүсү

Новости

5-октябрь 2020-жыл
Бишкек шаары

«ТАЗА ШАЙЛОО» АССОЦИАЦИЯСЫ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН БИРИКМЕСИНИН АЛГАЧКЫ БИЛДИРҮҮСҮ

2020-жылдын 4-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо добуш берүү процессине байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча.

«Таза Шайлоо» Ассоциациясы өз миссиясынын алкагында, бүткүл республика боюнча, шайлоо күнү 125 шайлоо участкасында көз карандысыз коомдук байкоо жүргүздү.

ЖАЛПЫ КОРУТУНДУ:

Быйыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоосу жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясынын санынын көбөйүшү менен байланыштуу эпидемиологиялык жагымсыз кырдаал мезгилинде өттү. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү процесси карама-каршы келип, түз шайлоо укугун жүзөгө ашыруу үчүн, ачык-айкындуулук принциптери сакталды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону пандемия менен өткөрүү Алгоритмин иштеп чыкты (https://shailoo.gov.kg/ru/news/3635/), анда шайлоо учурунда шайлоо процессинин катышуучулары үчүн иш-чаралар жана сунуштар тутуму каралган.
Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча коомдук көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча, «Таза Шайлоо» Ассоциациясы шайлоонун уюштуруу процесси, мыйзамдардын жеткилеңсиздиги жана анын аткарылышын камсыз кылуу укугу менен байланышкан бир катар көйгөйлөр бар экендигин жана мындан ары өркүндөтүүнү талап кылган башка бир катар мыйзам бузуулар бар экендигин белгилейт.

Ачыктык (байкоочулардын кабыл алынышы жана катышуусу)

Мониторинг жүргүзүлгөн УШКлардын көпчүлүгүнө кеминде 3-4 саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары катышты.
Айрым УШКларда бир саясий партиясынан бир нече байкоочулары катышты.
Таза Шайлоо Ассоциациясынын бардык байкоочулары шайлоо участкаларында катталып, байкоо жүргүзө алышты.
2020-жылдын 4-октябрындагы добуш берүү күнү жана 2020-жылдын 3-октябрында үйдөн тышкары жерде добуш берүү күнү, байкоо жүргүзүлгөн 125 шайлоо участкасында төмөнкү мыйзам бузуулар катталды:

Байкоочулардын коопсуздукка коркунуч билдирүүсү

«Таза Шайлоо» Ассоциациясынын коомдук байкоочулары, саясий партиялардын байкоочулары тарабынан ачык кысымга алынган 2020-жылдын 3 жана 4-октябрында болуп көрбөгөндөй окуялар болгон деп ырастоодо. Коомдук байкоочуларга карата коркутуулар болуп, шайлоо жараянындагы мыйзам бузуулардын алдын-алуу үчүн күч колдонулган. Окуялар Ош шаарындагы 5288 жана 5911 шайлоо участкаларында болуп, кол салгандарга карата укук коргоо органдарына арыздар берилген, азыркы учурда иш жүрүп жатат.

Жайдан тышкары добуш берүү 3-октябрь 2020-жыл

• Бишкектеги 1228-УШКда УШКнын төрагасы коомдук байкоочунун каттоосунан баш тартуу аракетин жасады, бирок жогору турган УШКга кайрылуунун натыйжасында көйгөй чечилди;
• Ош шаарындагы 5300 УШКда, шайлоо комиссиясы жайдан тышкары жерде добуш берүү учурунда мыйзамга ылайык арыз берген эмес, реестрге катталбаган 2 жаранга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берди, бул жөнүндө мыйзам бузуу боюнча Актысы түзүлгөн, ал күндүн эртеси 2020-жылдын 4 октябрда, мыйзамдарга ылайык добуштар эсептелгенде, көчмө үкөктөн алынган 45 (кырк беш) бюллетень ошонун айында жараксыз деп табылды;
• Жалалабад шаарында 2112 УШКда комиссиянын мүчөсү Т.О. добуш берүүнүн купуялуулугун бузуп, бюллетендерди өз алдынча урнага түшүрүп жатты, бул УШКнын мүчөсү башка менен алмаштырылды.
• Жайдан тышкары жерде добуш берүү процессинде, Бишкек, Ош, Жалалабад шаарларында жана Араван айылында шаймандардын иштешинде жана жарандарды идентификациялоо тутумунда кемчиликтер болгон, алардын баары четтетилген. Жабдууларды калыбына келтирүүгө эң узак убакыт 1 саат 35 мүнөт 5520 УШКсында Араван айылында болгон. Мындан тышкары, добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасирин тийгизбеген башка майда мыйзам бузуулар катталды; байкоочулардын иш-аракеттери шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан мыйзам бузууларды алдын-алуу боюнча чараларына багытталды.

Добуш берүү күнү 4-октябрь 2020-жыл

Шайлоо участкасынын ачылышы
Участкалык шайлоо комиссиялары көпчүлүк участоктордо өз убагында ачылган, бирок кеч ачылган учурлар болгон, 1251, 1025 УШК Бишкек, 5277 УШКда Ош шаарында шайлоо участкаларын ачуу процедуралары бузулган, комиссиянын мүчөлөрү үчүн чүчүкулак ойнотулган эмес, ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча актылар түзүлгөн.

Добуш берүү учурунда жабдуулардын иштен чыгышы
Добуш берүү учурунда жалпы пайда болгон көйгөйлөрдүн бири жабдуулардын иштен чыгышы болду.
Төмөнкү бузулуулар катталды:
• Жарандарды идентификациялоо үчүн жабдуулар – 14 иш;
• Монитор – 10 учур;
• АЭУ- 12 учур;
• Сервердүү ноутбук – 3 учур
Жабдуулардын иштебей калган учурлары боюнча актылар түзүлгөн.

Добуш берүү процесси
Жалал-Абад шаарындагы 2 УШК, 2097 УШК жана 2102 УШКларда шайлоочулардын бюллетенин добуш берүү кабинасында сүрөткө тартуу аракетинин бир нече учурлары катталды, бул иштер катталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле, Таластагы 6107, 6108 УШКларындагы 2 иш, бюллетенди сүрөткө тартуу аракеттери укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Бир катар процедуралык мыйзам бузууларга жол берилген, алар катталган.
Шайлоочулардын тизмесинде жоктугу жана 1021.1030 УШКда добуш берүүдөн баш тарткандар;
УШКлардын шайлоо участкаларынын ичинде видео тартуу укугун чектөө аракети;
1025 УШКсында бир эле мезгилде AЭУ жана стационардык урнаны колдонуу;

Ошондой эле, шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, шайлоо участогунун кире беришинде жана шайлоо участогунун айланасында шайлоочуларды көзөмөлдөө жана бекитүү сыяктуу көрүнүштөр белгиленди.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу
Шайлоо участкалары жабылгандан кийин, добуштарды эсептөө процедуралары бир катар бузулган, ошондуктан 1152 УШКда добуштарды кол менен эсептөө процесси жүргүзүлгөн эмес, бул шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандык болуп саналат жана УШКнын мүчөлөрүн жоопко тартууну талап кылат.
1236-участкалык шайлоо комиссиясында байкоочуларга ТШКдан ырастама келмейинче, протокол берилбейт деп протоколдун көчүрмөсү байкоочуларга берилген эмес.

«Таза Шайлоо» Ассоциациясынын алдын-ала билдирүүсүндө добуш берүү мезгилинде болгон негизги мыйзам бузуулар чагылдырылган, байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарынын бир бөлүгү, анын ичинде шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары иштелип жатат, алардын талдоосу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону байкоо жүргүзүү боюнча акыркы аналитикалык отчетто кийин берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *