«Таза Шайлоо» Ассоциациясы – Кыска мөөнөттүү байкоочуларды (КМБ) окутуу боюнча тренинг өткөрдү

Новости

2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун даярдыгына жана өткөрүлүшүнө көз карандысыз мониторинг жүргүзүү максатында, «Таза Шайлоо» Ассоциациясы өз ишинин алкагында өлкөнүн бардык аймактарында 125 кыска мөөнөттүү байкоочуларды өз ишмердүүлүгүнүн алкагында биргеликте иштөөгө чакырды.

2020-жылдын 24-сентябрында, «Таза Шайлоо» Ассоциациясы шайлоо жана укуктук маселелер боюнча өзүнүн эксперттер тобу менен, өлкөнүн үч аймагында, Талас, Нарын жана Каракол шаарларында кыска мөөнөттүү байкоочулар үчүн арналган бир катар онлайн тренингдерди баштады.

Тренингдин негизги максаты – кыска мөөнөттүү коомдук байкоочуларды шайлоо күнү байкоонун практикалык көндүмдөрүнө жана шайлоонун мыйзам чыгаруу негиздерине үйрөтүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *